Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек эмканасынын башкы дарыгери өзүнүн кызматкерлерин жумуштан алыштан коркот

Өмүр Абдразаков мени кызматтан кетиргенди каалашат дейт

Бишкектин №4 стоматологиялык эмканасынын башкы дарыгери Өмүр Абдразаков медициналык мекеменин кызматкерлери калп эле мыйзамсыз жумуштан бошотту дешип, аны кызматтан кетиргилери келишкендиктерин айтат. Ал бул тууралуу Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Чындап эле мен мурда эки кызматкерди - Нурайым Таштаналиева менен Нурмира Жамаеваны жумуштан кетиргем, бирок анын баары мыйзам чегинде болгон, - деп ырастайт ал. - Анткени, Таштаналиева бизде бир нече жыл иштеп, анан декреттик өргүүгө кеткен. Бизге анын Кыргызстандын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалымат келип жетти. Биз ага бир нече жолу билдирүү жибердик. Бирок бизге дайыма анын ал даректе жашабагандыгы тууралуу жооп келчү. Анан бизге дарек бюросунан анын биздин өлкөнүн жараны эмес экендиги тууралуу билдирүү келди.

Өмүр Мөндүрбаевич Таштаналиеванын мыйзамды бузуп жарандыгын алмаштыргандыгы тууралуу билдирбегендигин белгилеп кетти.

- Албетте, мен аны жумуштан бошоттум, ал болсо буту жеткен жерге барып арыздана баштады, - дейт ал. - Алтургай Таштаналиева сотко да берди. Ал анын укугу. Бирок ЖМК баарына жаза берүүнүн кереги бар беле? Талашты укуктук талаада чечүү керек.

Стоматологиялык эмкананын башкы дарыгери экинчи кызматтан бошогон кызматкердин өзүнчө таржымалы бар экендигин кошумчалады.

- Жамаева бизде тазалык кызматкери болуп иштечү, ал бат баттан ооруп өргүүгө кетип турчу. Анан анын дагы бир башка жерде эмгек китепчеси боюнча иштээрин айтышты, - дейт ал. - Мен суроо салдым, маалымат ырасталды. Жамаеваны иштен бошоттук. Бир аз убакыт өткөн соң, ал кайра келип, жашоодон кыйналып жаткандыгын айтып, кайра ишке алуумду суранды. Мен аны кайра ишке алдым. Бирок ал жумуштан калууну токтоткон жок, себебин сурасаң, ачуусу келип жана орой жооп берчү. Жыйынтыгында берене боюнча жумушунан айрылды.

Абдразаковдун айтымында, жумуштан бошогон кызматкер сотко кайрылып, алтургай утуп да алды. Бирок жумушта баягы эле көрүнүш бойдон калды.

- Бир кезде ал менден жумушка каалаган убакта келип, кетүүнү да суранган эле, анткени ал экинчи жумушуна жетишпей калып жатыптыр, - деп нааразы болду ал. - Эми болсо экинчи инстанциянын соту эмне чечим чыгарат деп күтүп жатам. Менимче, мунун баарын уюштуруп жаткан мурунку башкы дарыгер. Ал жөн гана мени кызматымдан кетирүүнү каалайт. Ал мени баарын массалык түрдө жумуштан айдап жатат деген жалаа жапкысы келет. Бирок бюджеттик ишканалардын баарында эле ушундай көрүнүш да азыр, анткени айлык аз. Көптөрү жумушка орношот да, тажрыйба топтоп алып жеке менчик клиникаларга кетип калышат. Эми мен кетем деп арыз жазгандардан клиниканын жетекчилигине дооматым жок дедиртип жаздырып алам. Алар өздөрү кеткенди каалаган күндө да, аларды жумуштан бошотуу коркунучтуу болуп калды.

Түшүндүрө кетели, Бишкектин стоматологиялык №4 эмканасынын эки кызматкери мыйзамсыз жумуштан бошотулгандыктарына арызданышкан. Ал аялдар маалымат жыйынын берип жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх