Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Балага сүйүнчүнүн» которулгандыгы тууралуу СМС-билдирүү арыз бергендин эртеси эле келет

Акчаны банктык эсеп ачпай туруп деле алса болот

«Балага сүйүнчүгө» арыз берген жарандар эртеси эле акчанын которулгандыгы тууралуу СМС-билдирүү алат, акчаны болсо банктык эсеп ачпай туруп алууга болот.

Бишкектин Свердлов районунда, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда «балага сүйүнчүнүн» жеңилдетилген механизмдери электрондук мекемеаралык арыз берүүнүн жардамы менен ишке ашууда. Ал МКК маалыматтык системасынын министрликке борборлоштурулган маалымат системасынан иштелип чыгат.  

Эми бул четки райондордо «балага сүйүнчү» алыш үчүн атайын банктык эсеп ачуусуз эле ала беришет. Акча каражаты транзиттик эсепке келе берет.Ошону менен бирге арыз ээси акчаны кайсы гана банктан болбосун накталап алат.

«Акчанын канчалык тез түшөөрүн текшерүү максатында биз телефон аркылуу туш келген эле арыз берүүчү менен байланыштык. Баары бир ооздон банктын акча каражатынын түшкөндүгү тууралуу билдиргендигин айтышты. Алар акчаны каалаган учурда накталап алышат», - деп айтып берди министр Улукбек Кочкоров.  

Анын айтымында, учурда жеңилдетилген механизм бүткүл республика боюнча таркалат. «Балага сүйүнчүгө» арыз берген жарандар эки күндүн ичинде 4 миң сом акча каражатын алышат.  

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин маалымат кызматы

 Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх