Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунун тургундары Таш-Булактагы кенге чогулушту (видео)

Алар уран казылып жаткандыгын билишет

Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак кениндеги уран казуу кадимкидей кайнап жаткан кези, ал эми ишкерлер менен аткаминерлер кыргыз элин алдап жатышат. Бул видеону кечээ Instagram социалдык тармагына журналист Назира Айтбекова жарыялаган.

«Мен азыр Кызыл-Омполдо турам, - дейт ал. Уран казуу кадимкидей жүрүп жатат».

Кыздын артында топтолгон эл көрүнөт. Айтбекованын айтымында, кенге жергиликтүү тургундар келишип, аны иштетүүгө каршы чыгышкан. Аларга кошуна айылдын тургундары жана бир нече жергиликтүү депутаттар кошулган.

«Урматтуу мекендештер, сиздер урандын кандай зыян алып келээрин билесиздер, - деп кайрылат Назира Айтбекова. Эгерде сиздердин балдарыңыздар майып болушун каалабасаңыздар буга кайдыгер карабаңыздар».

Ушундай эле дагы бир видеону жергиликтүү тургундар жарыя кылышты. Ал урандын качантан бери эле уруксатсыз казылып жаткандыгын айтты.

«Көрсө, булар бизди экспертиза кылабыз деп алдап жатышкан экен, - дейт ал. - Казып жатышат. Бул жерде алардын калдык сактоочу жайы бар. Экспертизасы жок эле бул жерден капкачан казып башташкан. Мына момундай бочкалары менен ташып жатышат. Бул иш биздин бийликтин колунан келген иш. Эл ага керек эмес экен. Мамлекеттин да кереги жок экен».

Бул эмне деген? Кантип эле ЖЧК «ЮрАзия» лицензия алууну күтпөй эле Кызыл-Омполду каза баштаган? Оң натыйжалуу экспертизасыз жана техникалык долбоорсуз кенди казууга болбойт.

Ал инвесторлордун өздөрүнө керектүү инфраструктураны куруп алышкандыктарына көңүл бурду: турак жай жана административдик имарат.

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү Мамлекеттик комитетиндегилер Vesti.kg сайтына чындап эле кечээги кадрда Ысык-Көл облусунун тургундарынын нааразычылыгы көрсөтүлгөн деп жооп беришти.

- Бирок «ЮрАзия» эч кандай мыйзам бузууга барган эмес: компания ал жерде чалгындоо иштерин жүргүзгөн, - деп түшүндүрүштү андагылар. - Геологиялык чалгындоо иштеринде да казышат, бирок эч жакка ташып кетишпейт. Ушундай иш кылууга алардын лицензиясы бар.

Кенди иштетүүгө азырынча лицензиясы жок, бирок «ЮрАзия» аны менен алектенген да жок, деп кошумчалады ӨЭКМК.

Андагылар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечиминен кийин экологиялык экспертиза жыйынтык чыгармайынча казуу иштерин токтотушкандыгын айтышат.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты 2015-жылы ЖЧК «ЮрАзия» Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Омпол аянтына жана Нарын облусунун Кочкор районундагы уран кендерине 271 миллион сомге чукул акча короткондугун маалымдаган эле.

Экологдор жана элдер ал кенди иштетүүгө каршы чыгып жатышат, анткени ал аймакты радиация нурлануу каптоо коркунучу бар. Мунун арты орду толгус жоготуу болушу мүмкүн. «ЮрАзия» болсо уранды жаңыча экологиялык жактан таза кылып алуу ыкмасы менен казышаарын айтып безилдейт:

«Ал кендеги уран майдаланган түрүндө, - дейт компаниянын директору Светлана Менг. Анын курамында өтө эле аз санда болот уран. Иштетип алуу технологиясы гравитациялык бөлүп алууга принцибине негизделген. Атайын жабдуунун ичинде суунун жардамы менен химиялык заттарсыз уранды бөлүп алууга болот. Шамалжүрүп турган кезде уранды ташууга болбойт, анткени уран кырамы боюнча оор элемент».

Алар анткени менен биздин белгилүү экологубуз Эмил Шүкүров андай болушу такыр мүмкүн эмес дейт:

- Калдык сактоочу жай каякта болот экен? - деп суроо салат ал. - Бул деген уранды толук бөлүп ала албай турган тоо теги. Муну ачык койбой турган руда. Албетте, компания муну көзөмөлдөп, бир атайын нерселер менен жаап коёбуз дешсин, бирок ал тийешелүү көлөмдө топтоп алгандан кийин гана ошентүүгө мүмкүн да. Ал эми бул убакыттын ортосунда уран жаандын алдында калып суу болот, шамалга учат. Мен кээ бир эксперттердин айткандарын угуп көрдүм, алар уран абадан оор, ошондуктан учпайт дешет. Бирок бул арык аттап суу кечпеген сөз. Анткени чаң да абадан оор, бирок кандай ызгып учаарын билесиңер да. Булар жөн гана бизди алдап жатат.

Азыр «ЮрАзия» долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатат.

Ал кен иштеткен жерге 25 жылдын ичинде 10 миллион доллар коротууну ниеттеп жатышат. Ал жерде 220 жумушчу орун түзүлөт, ал эми Кара-Балтада 500 орун түзүлөт.

Таш-Булак кени 3,5 миң тонна уран, 8,54 миң тонна торий, 10миң тонна фосфор, 34 миң тонна цирконий жана 1,6 млн тонна титано магнетитти өзүнө камтыйт. Негизги радиоактивдүү кумдар 25 метрге чейинки жердин бетиндеги тереңдикте жайгашкан. Бирок кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча кендеги ишти токтотууну тапшырды.

«Бүгүнкү күндө казуу иштери токтотулду жана ал экологиялык экспертизынын оңдуу жыйынтыгы чыкмайынча башталбайт», - деди ал.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх