Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо жергиликтүү тургундар уран казганга каршы митингге даярданып жатышат

Мэриядагылар азырынча ал акция тууралуу расмий билдирүү ала электигин билдиришти

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бугу айынын биринде Балыкчыга жакын жердеги уран казууга каршы митингге чыгышаары тууралуу маалымат таркатышты.

Ал ортодо Каракол мэриясынын маалымат катчысы Саламат Медербеков Vesti.kg сайтына азырынча муниципалитет расмий билдирүү ала электигин билдирди.

- Массалык акция өткөрүү тууралуу мэрияга билдириш керек болчу, бирок биз нааразычылык акциясы тууралуу эч нерсе ала элекпиз, - деп белгиледи ал. - Бирок биз социалдык тармактарда мониторинг кылып, шаарга тийешелүү нерсенин баарына көз салып турабыз.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты социалдык тармактарда Ысык-Көлдө уран иштетүүгө каршы кол топтолуп жаткандыгын жазып чыккан эле.

Учурда каршылыкка 20 миңден ашуун киши кол коюп беришти.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх