Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу стадиондун отургучтарынын биринчи катарын жер менен жер кылып коюшту. Мэриянын түшүндүрмөсү (сүрөт)

Кыргызстандыктарды спорттук аренаны оңдогондон кийинки көрүнүш таң калтырды

Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда оңдоо иштерин жүргүзүштү, анын жыйынтыгына баарынын ичи чыкпай калды. Көптөрүн бул көрүнүш таң калтырды.

Түштүк борбордун жашоочулары социалдык тармактарга сүрөттү чыгарышып ЖМК арыз менен кайрылышып, бул обу жок ишке көңүл бурууларын суранышат.
Жашоочулардын нааразычылыгына стадиондун отургучтарынын биринчи катарынын жердин деңгээли менен барабар болуп калышы себеп болгон.

Vesti.kg сайты Ош шаарынын мэриясына комментарий үчүн кайрылганда отургучтарды бүгүн алып сала турушкандыгын айтты.

Түштүк борбордун муниципалитетинин маалымат катчысы Азамат Абсатаров эмне үчүн биринчи катарды эмне үчүн мынчалык жапыз кылып койгондорун түшүндүрүп берди.

- Анткени, отургучтарды оңдоп бүткөн соң аянтты тегиздей башташты, - дейт ал. - Тротуар кылышканда биринчи катар жерге теңелип калды. Бирок бул көрүнүш стадиондун бардык эле жеринде эмес.

Абсаттаров оңдоо иштери жергиликтүү ишкерлердин жана Ош мэриясынын күчү менен болгондугун кошумчалады.

- Футболго ышкыбоз ишкерлер стадионду калыбына келтирүүгө жардам беришти, - деп белгиледи ал. - Бул жерде ажаткана жок болчу, чет жактардан келген спортчулар үчүн зарыл болгон шарттар жок эле.

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадион 1960-жылы курулган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх