Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаевдин провокатору» анын ата энесине милиция кысым көрсөтүп жаткандыгын билдирди

Ош облусунун ИИБ Гүлжигит Исаковдун арызы фактысы боюнча текшерүү жүргүзөт

Кечээ Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду колдогон митингде «атамбаевчыл провокатор» деп аташкан киши ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге арыз менен кайрылды.

Гүлжигит Исаков өзүнүн арызын Фейсбук социалдык тармагына жарыялады.

Анын сөзүнө караганда, кечээ анын Кара-Кулжа районунда жашаган ата энесине милиция кызматкерлери барган.

«Атам 78 жашта, апам 70 жашта. Укук коргоо органынын кызматкерлери үйгө санкциясы жок барышып, суракка алышкан. Менин мектепте мугалимдерим ким болгондугунан бери сурашыптыр. Ал буйрукту ким берген?», - деп жазат ал

Исаков милиционерлер анын эжесин да суракка алгандыгын кошумчалады.

«Суроолору болсо мага беришсин, мен жооп берем. Сизден мен төлөгөн салыктан айлык алган чиновник катары суранам, сиздин кызматкерлериңиздин мыйзамсыз иш аракеттерине түшүндүрмө бериңиз. Мыйзамдын чегинде чара колдонууңузду суранам», - деп сөзүн бүтүрөт ал.

Ал ортодо Ош облусунун ИИБ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына Гүлжигит Исаковдун арызы фактысы боюнча текшерүү боло тургандыгын билдирди.

- Биз анын арызы менен таанышып чыктык, азыр текшерүү башталды, - деп жооп берди милициядан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх