Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аянтта митингге чыккандар Кыргызстандын өкмөтүн эл аралык сотко берүүгө шайма шай турушат (видео)

Бишкекте элдер Ысык-Көлдөгү уран казууга каршы нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкекте Ала-Тоо аянтына Ысык-Көлдөн уран казууга каршы болгондор чыгышты

Уюштуруучулар бүгүн, чын курандын жыйырма алтысы Чернобыль АЭС авария болгон кайгылуу күн экендигин өз сөздөрүндө белгилешти.

Чогулгандар Чернобылда курман болгондордун элесине арнап бир мүнөт унчукпай турушту.

Акциянын уюштуруучулары уран казуу бир эле техникалык эмес, юридикалык да көйгөй экендигин кошумчалашты.

«Бул жерде бир эле мыйзам бузулбастан, эл аралык коомчулуктун да көйгөйү жаралып жатат, - деген сөздөр чыгып жатты. - Ар кандай уюмдар биздеги калдык сактоочу жайларды жок кылганга чоң каражаттарды берип жатышат, а биз болсо кайра уран казганга жол берип жатабыз. Бизге урандын тийгизген таасири аз эле болот деп алдап жатышат. Эгерде өкмөт калдык сактоочу жайларды жок кылуу боюнча чараларды көрүп жана уран казуудан баш тартпаса, биз анда өкмөттү эл аралык сотко беребиз».

Нааразычылык акциясына саясат талдоочу Медет Түлөгөнов да келди.

«Өкмөт коомчулук менен иштегенди билбейт, - дейт ал журналисттер менен болгон маегинде. - Министрлер кабинетинин экономика жана инвестиция тууралуу кам көрүп жаткандыгы түшүнүктүү. Бирок бул жерде коомчулуктун кызыкчылыгына тийешелүү маселе болуп жаткан соң жарандарды угуу керек. Бирок өкмөт дайыма эле бир жерден чалына берет.Кен иштетүүчү компаниядан лицензияны алып салуу - бул арга кеткендеги иш, анткени бул иш коомдук резонанс жаратып койду. Өкмөт коомчулуктун чыңалуусун мынчалыкка жеткирибеши керек болчу».

Аянтка жүздөн ашуун киши чогулду. Көптөрүнүн колунда уран казууга каршы чакырыктары бар плакаттар жана радиация коркунучунун сүрөттөрү бар.

Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх