Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абат облусунда мектеп окуучуларына мугалим аял кургак учук оорусун жуктуруп койгон

Облустук оорукананын башкы дарыгери балдардын айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар деп белгиледи

Жалал-Абат облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында Т. Темирбаев атындагы орто мектептин мугалими эки окуучуга кургак учук оорусун жуктуруп койгон. Бул окуядан кийин айылдыктар балдарын мектепке жиберүүдөн коркуп жатышат.
Бул тууралуу «Super.kg» МА билдирет.

«Мугалим сабак өттү. Андан соң окуучулардын колдору шишип чыккан. Аларды рентгендик кароого жиберишкен. Алтынчы класстын эки окуучусу Жалал-Абат облустук ооруканасында жатышат. Бул тууралуу угуп биз балдарыбызды мкетепке жиберүүдөн коркуп жатабыз. эмнеүчүн мектепке мугалимдерди ден соолугун текшербей туруп алышат? Инфекция жуккан балдарга ким жооп берет? Ата энелерине болсо эч кимге айтпагыла дешкен, тийешелүү органдарга кайрылат деп коркушкан го сыягы», - дейт айылдын тургуну.

Ал ортодо Жалал-Абат облустук оорукананын башкы дарыгери Бурул Кадырова ошол мектепке тийешелүү спорт комплексинде кургак учук менен ооруган мугалим аял да иштегендигин билдирди.

«Жалаган курандын жыйырма бешинде бизге Т. Темирбаев атындагы мектептин 56 жаштагы мугими кайрылды. Текшергенде кургак учуктун БК+ формасындагы ачык түрү бар экендиги аныкталды. Мугалим аялдын оорусу тууралуу билип, үй бүлөлүк дарыгерлер жергиликтүү жетекчиликке кат жазышты. Биз мектеп окуучуларынын ден соолугун текшердик. Бардык окуучулар рентгендик кароодон өтүштү. Жыйынтыгында алтынчы класстын эки окуучусунан оору табылды. Алар балдар бөлүмүндө дарыланып жатышат», - дейт дарыгер.

Ошону менен бирге Кадырова окуучулардын айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилеп кетти.

«Учурда балдардын ден соолугу туруктуу. Алардын дем алуу жолундагы колколордун чоңоюп калгандыгы байкалган. Кургак учук ушундан башталат. Биро ал өпкөгө жеткен эмес. Балдардын организми дарылоону тез кабыл алат. Айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар», - деп сөзүн аяктады оорукананын башкы дарыгери.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх