Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМДБ дагы бир жолу тактоо киргизет: Орозо айт бүгүн эмес, эртең

Кыргызстан муфтиятында орозо айтты майрамдоо дүйнө жүзүндө 5-инда эмес, а 4-июнда деп чечилгендиги тууралу сөздөрдүн чыгып жаткандыгын чечмелеп беришти

Кыргызстандыктар социалдык түйүндөрдө Орозо айтты майрамдоо күнүн талкуулап жатышат. Анын себеби, кечээ Сауд Аравиясында  айдын жаңырганын байкашканын жана ага байланыштуу мусулмандардын башкы майрамдарынын бири болгон Орозо айт 4-июнда белиленери жөнүндө түйүндө таратылган маалыматтан улам болгон.

Белгилүү болгондой, Орозо айтты бүгүн Гурбангулы Бердымухамедовдун көрсөтмөсү менен Түркмөнстанда белгилешет. Андан сырткары, Москвадагы кыргыз мекендештер куттуктоо текстин таркатышты.  

КР мусулмандарынын Дин башкармалыгы ал арада Vesti.kg сайтына Кыргызстанда Орозо айтты майрамдоо өзгөрбөгөндүгүн билдиришти.

- Айдын жаңырганы байкалган Сауд Аравиясынан алыс эмес жайгашкан өлкөлөр  да Кыргызстан  сыяктуу эле 5-июнда майрамдашат, - деп муфтияттан билдиришти. -Булар Кувейт, Египет, Иордания. Андан сырткары, Казакстанда, Тажикстанда, Корея, Япония жана башка өлкөлөрдө эртең белгилешет.  

Орозо айтты майрамдоонун күнү тууралу бул теманын социалдык түйүндөрдө талкууга алынгандыгына байланыштуу кечээ эле кайрадан маалымат таркатканбыз деп КМДБдан кошумчалашты.

Эскерте кетсек, Орозо айынын башталышы жана аякташы мусулман календарындагы айдын жаңырышы менен аныкталат.

Кыргызстандын бардык мечиттеринде жана Бишкектин Эски аянтында салттуу түрдө он миңдеген адамдар чогулган эрте мененки намаз окулат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх