Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы өз кызматын таштап кетет деген маалыматты четке какты

Андан да, Бактыбек Шамкеев кечээ жакында эмгек келишимин бир жылга узартты

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ЖАКнун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев Vesti.kg сайтынын кабарчысы менен болгон сүйлөшүүдө анын иштен кетүү тууралу ойдо экендигин ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарды четке какты.

Шамкеев мурдараак журналистерге: «Жакында кызматымды тапшырамын» дегени макалада көрсөтүлгөн.

Бактыбек Абылкасымович өзү болсо, Vesti.kg сайтына кызматтан кетүү тууралу айтпагандыгын билдирди.

- Андай болгон эмес, маалымат чындыкка дал келбейт, -деп ишендирди ал. - Биз кечээ эле, өткөн жумада келишимге кол койдук, бул кызматта менин жумушумду дагы бир канча жылга узарттык.

Мамлекеттик ипотекалык компанияны Шамкеев 2016-жылдын апрель айынан бери жетектеп келе жатат.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх