Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийликтегилердин Бишкекте жаңы стадион курабыз деп катуу сөз бергени жөн эле сөз болуп калабы?

Бул масштабдуу ойду ишке ашыруу тийиштүү жер тилкесинин жоктугуна барып такалды

Бишкекте, мурдагыдай эле,  ФИФАнын талаптарына ылайык келген жаңы футбол стадионун курууга ылайык жер тилкесин издешүүдө. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

- Биз инвесторлорго, алар бюджетти толук эсептеп бериши үчүн даяр долбоорду жери менен беришибиз керек, - деп түшүндүрүштү ал мекемеден. - Мисалга, эгер канализация 4 километр жерден  өтө турган болсо, анда биз курулуштун баасын көтөрүшүбүз керек. Ошол эле нерселер электр өткөрүүгө жана башка коммуникациялык учурларга тиешелүү, аны менен бирге сумма, канча гектар жерге асфальт төшөй тургандыгыбыздан да көз каранды.

Стадиондун курулушуна кызыккан инвесторлордун бар экендиги жөнүндө кабарланууда.

- Азыр, курулушка катышууга ниети бар  бир канча компаниялар бар, ошондой эле өздөрү койгон шарттар менен эл аралык инвесторлор да келишкен. Учурда бир арага келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө, - деп Мамагентстводон кабарлашты.

Анын арасында Бишкек мэриясында жаңы спорт аренасынын кайсы жерден орун ала тургандыгы жөнүндө алдын ала болжолдонгон жер барбы, билишпейт.

- Стадион боюнча эч нерсе билбеймин, - борбордун мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Vesti.kg сайтына ушинтип жооп берди.

Бишкектин чегинде жаңы заманбап стадион курабыз деген президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдер Азия Кубогунда Кыргызстандын тандалма командасынын ийгиликтүү катышканынан кийин  ушундай сөз беришкендигин эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх