Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто жигит кыздарды машинеге олтургузуп алып жана парктагы тепкичтер боюнча машинени айдап түшкөн  (видео)

Тентек, жаңы тепкичтерди талкалагандыгын, адашып кеткендиги менен түшүндүргөн

Ош шаарында тентек балдар машинасы менен Токтогул Сатылганов атындагы парктагы тепкичтер боюнча айдашкан. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына түштүк борборубуздун мэриясынын маалымат катчысы - Азамат абсаттаров билдирди.

 

Анын айткандары боюнча, окуя бүгүн түнү болуп өткөн.

 

- Парктын 100 жылдыгына карата аны реконструкциялоо иштери башталган, - деди Абсаттаров. - Машинанын айдоочусу, менимче, машинанын салонундагы кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жана кечээ жакында эле оңдолуп бүткөн тепкичтерден машинасын айдап өткөн. Дагы жакшы, оңдоо иштери сапаттуу жасалган, бирок баары бир кээ бир жерлери жабыр тарткан.

 

 

Мэриянын маалымат катчысы, укук коргоочулардын авто айдоочунун кимдигин такташкандыгын кошумчалады.

 

- Милициядан мага кабарлашкандай, териштирүү жүрүп жатат. Биз, жаш жигиттердин өздөрү жасаган иштери үчүн мыйзам алдында жооп беришин каалайт элек, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

 

Укук коргоочулардын билдиргенине караганда, айдоочу 1998-жылы туулган. Милицияда ал өз аракеттерин адашып калгандыгы менен түшүндүрдү.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх