Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектен бардык май куючу жайларды алып салууну депутат Конгантиев сунуштады

Шаардык кеңештин жыйынында айтылган бул демилгени талдоочу сынга алды

Май куючу жайларды Бишкектин сыртына алып чыгуунун алдында, депутаттарга кайсы акчанын эсебинен бул иштерди жасашат, жакшылап ойлонушу керек эле. Бул тууралу пикири менен  Vesti.kg сайтына базарлар, товарлар жана кызматтар Ассоциациясынын башчысы, көз карандысыз талдоочу Сергей Пономарев бөлүштү.

- Бизде, бийликтин кандайдыр бир бизнести жоготууга келтирген аракети же аракетсиздиги болсо, анда мамлекет келтирилген чыгымдарды төлөп берет деген мыйзамыбыз бар, -деп эске салды ал. - Эгерде биздин шаардык бюджет акчага толуп турса, анда каалагандай жумшашсын. Бирок, депутат азыркы учурда, бардык май куючу жайларды шаар тышына алып чыксак, анын өзүнүн машинасына май куюу үчүн убакыт талап кылынаарын ойлоду бекен.

Сергей Васильевич, шаардык кеңеш биринчи кезекте, шаардыктардан сурашы керек, алар машиналарына эле май куюу үчүн шаар сыртына барууну каалайт бекен, - деп кошумчалады.  

- Так эле ушундай пикирлерди коомдук транспорттун айдоочуларынан жана жүк ташуучу автомобилдердин айдоочуларынан билүү керек, -дейт ал. - Ал эми коопсуздук маселерине келсек, бизде өзгөчө кырдаалдар менен алектенүүгө милдеттүү мамлекеттик органдар бар. Алар өз милдеттерин аткарышсын. Урматтуу депутаттарыбыз, абалды жакшылап изилдеп көрүшсө болмок.

Эсиңиздерге салсак, Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында, АМКЖлардагы бузууларды талкуулаган учурда, депутат Куванычбек Конгантиев бардык автомай куюучу жайларды шаар тышына алып чыгып кетүүнү сунуштаган. Анын айткандары боюнча, муну шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн жасоо керек, себеби, көпчүлүк АМКЖлар коопсуздук эрежелерин бузуп жатышат.

«Аламүдүн базарында май куючу жай так шаар борборунда жайгашкан. Эгер ал жарылып кетсе кандай болот?» - журналистер Конгантиевдин айткандарын келтиришти.

Аны менен бирге, борбордун вице-мэри Азиз Алымкулов да, шаардын ортосунда АМКЖлардын болбош керектигине макул болду.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх