Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек мэриясы борбор шаарда автобустар көбөйдү деп кайра-кайра айтып, болгону, өздөрүнө пиар жасап жатышат»

Жүргүнчүлөрдү ташуу Ассоциацисынын башчысы транспорт маслелери азырынча толук чечиле элек деп эсептейт.

Бишкек мэриясы борбор шаарыбызда автобустар көбөйдү деп билдирүү жасашып, болгону, өздөрүнө пиар жасашууда, чындыгында, фактыга таянсакал каттамдарда мурдагыдай эле сандагы автобустар чыгууда, мүмкүн, андан да аз чыгат. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына жүргүнчүлөрдү ташуу Ассоциацисынын башчысы Алтынбек Доспаев бөлүштү.

- Айдоочулар эски автобустарды таштап коюшуп, жаңы автобустарга олтурушту - деп түшүндүрдү ал. - Мисалга №21 автобус каттамын алалы. Ал жерде каттамга 16 автобус чыгып турган. Жаңы автобустарды алгандан кийин, ал каттамда 4-5 автобус эле калган. Жалпысынан алганда, жаңы автобустарды алганга чейин ал каттамдарга  80-90 автобус чыгып турган. Азыр, жаңы автобустарды эсепке алганда, иштеп жаткан транспорттун саны ошондой эле. Эски автобустар оңдолуп жатат, бирок аларга тетиктер жок.

Доспаев, бишкектиктердин транспорттун жетишпей жаткандыгына арызданышкандыктарын, кээ бир автобус каттамдарында баары болуп 4-5 автобус каттап калгандыгын белгиледи.  

- Мыйзам боюнча, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компанияларга мэрия жеңилдиктерди колдонгон жарандар үчүн дотация бөлүшү керек, - деди ал. - Канча жылдан бери бизге ошол дотацияны которуп бергиле деп суранып келе жатабыз, бирок эч нерсеге жетпей келебиз. Андан дагы каттамдагылардан түрдүү төлөмдөрдү талап кылып турушат. Кээ бир каттам багыттары шаарда 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат, бирок азыркыга чейин мыйзамдаштырыла элек. Аяккы автобус токтоочу жайлардагы диспетчер пункттары вагончиктерде жайгаштырылган, мэрия болсо, биздин жакшынакай пункттарды жасашыбыз үчүн бир нече квадрат метр жер бөлүп бере албайт. Биз керек болсо, сотко чейин кайрылдык. Прокуратурага да арыз менен кайрылдык. Азырынча, бул жумуш токтоп турат.

Ассоциациянын башчысы каттамдагылардан бюджетке аз эмес акча түшө тургандыгы, бирок муниципалитет дайыма алардан бирдемелерди талап кылып тургандыгына кейиди.

- Качан жүргүнчүлөрдүн өмүрүн камсыздандыруу жөнүндө сөз болгондо, каттамдагылар барышып камсыздандырышты, троллейбустар да камсыздандырылган, бирок, автобустарга мунун тиешеси жоктой, - деп анын ачуусу келди. - Бардыгы айтышат, кичи автобус каттамындагылар шаарда аябай жолтоолук кылышат деп. Бирок, биздин социалдык милдетти - жүргүнчүлөрдү ташууну аткарып жатканыбызга көңүл бөлүшпөйт. Биз жөнөкөй эле нерсени каалайбыз - алар биз менен мыйзам боюнча иштешсин.

Тактап кетсек, Бишкек мэриясы борбор калаабыздын ортосун каттам таксилеринен арылта тургандыгын кабарлаган.

Азыркы учурда борбордук көчөлөр боюнча 90 каттамды оптимизациялоо каралып жатат. Борбордо, "Ош Базары" СБКсинде жана башка соода комплестеринин айланасында тыгындарды азайтуу схемаларынын долбоорлору даяр болгон.

Борбордун Чүй проспекти, Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн, жана ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын тегерегин тыгындан арылтуу пландалып жатат.

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх