Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КТРКны көрүү үчүн абоненттик акы төлөө тууралу депутаттын демилгеси колдоо табууда

«Көрүүчүлөр азыр деле буга акча төлөп жатышат, бирок, салыктардын эсебинен»

КТРКдагы көрсөтүүлөр үчүн акча төлөөнү киргизүү - жакшы идея, себеби бул каналды чыныгы коомдук телеканал кылат. Телерадиокорпорациянын байкоочулар кеңешинин мүчөсү, эксперт Игорь Шестаков Vesti.kg сайтына ушундай ойлору менен бөлүштү.

- Азыркы учурда КТРК 70 пайыз бюджеттен каржыланат, ошондуктан албетте,  телерадиокорпорация саясий оюндарда колдонулат, -деп белгиледи ал. - Маселе ушунда,телеканалга байланыштуу мыйзамды өзгөртүү керек, канча жылдан бери талкууланып келе жатат, бирок эч нерсе өзгөргөн жок.  

Игорь Альбертович, кыргызстандыктар азыр деле КТРКнын көрсөтүүлөрү үчүн акча төлөп келе жаткандыгын, бирок ал салыктар аркылуу төлөнгөндүгүн  түшүндүрдү.

- Абоненттик акы төлөө кылса болот - анда көрүүчүлөр өз калоолору менен акча төлөшөт эле, а эгерде контент жакпай калса, анда ага акча коротуунун кереги болбой калат, - деп ойлойт ал. - Депутаттар учурда мындай мүмкүнчүлүктү талкуулашууда. Бирок качан ишке келишкенде, мындай мыйзамды кабыл алышпайт, себеби, андай мыйзамдын парламентке кереги жок. Биз эл өкүлдөрү алардын уктап жатышкандыктарын көрсөтүшкөндө, алардын жүздөрү экранда кандай жаман көрсөтүлгөндүгүнө кандай ачууланышты, көрбөдүкпү? Ошондуктан иштеш керек, жыйындарда уктабастан. Азыр «коомдук телерадиокорпорация» деген түшүнүктүн артынан коомдук байкоочулар кеңеши деген аталыш турат, анын укугу генералдык директорду шайлоо жана имараттагы илинген  тактайдагы жазуу менен чектелген.

Эсиңиздерге салабыз, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов КТРКнын программаларынын көрсөтүүлөрүнө абоненттик акы төлөө киргизүүнү сунуш кылды. Анын пикири боюнча телерадиокорпорация бул учурда мамлекеттик финансылоого муктаж болбой калат жана чыныгы коомдук телеканал болот.  

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх