Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юристанбек Шыгаев: Жангарачева айтып жаткан картиналар, түп нускада жана эч кайда жоголгон эмес

Сүрөттөөчү искусстволор музейинин мурдагы директору жаңы жетекчинин бир канча баалуу иштердин жоголгондугу тууралу билдирүүсүн четке какты

Сүрөттөөчү искусстволор музейинин мурдагы директору Юристанбек Шыгаевдин кабинетинде илинип турган белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналары түп нускада жана эч кайда жоголгон эмес. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ал өзү кабарлады.

- Кабинетте советтик заманбап сүрөтчүлөрдүн картиналары илинип турган, алар түп нускадагылар, экспертиза жүргүзсө болот, - деди ал. - Бул иштерди музейден эч ким алып чыккан эмес. Алардын жоголгондугу жана иликтөөлөрдүн башталгандыгы тууралу мага эч ким кабарлаган эмес.

Юристанбек Абдиевич, сөз болуп жаткан картиналар менен анын кызматтык кабинетин жасалгалашкандыгын  кошумчалады.

Түшүндүрүп кетсек, жакында Сүрөттөөчү искусстволор музейинин жаңы директору Мира Жангарачева Kaktus.media агентсвосуна мурдагы директор Юристанбек Шыгаевдин кабинетинде илинип турган картиналар жоголгондугун, тагыраак айтканда, аларды көчүрмөлөрү менен алмаштырып коюшкандыгын кабарлаган.

«Тергөөнүн кызыкчылыгында мен алардын аталыштарын айта албаймын. Бул картиналар музей үчүн өтө чоң баалуу эмгектер болуп, белгилүү сүрөтчүлөрдүн иштери экендигин айта аламын, - деп билдирди ал.

Эске салсак, Юристанбек Шыгаев картиналар менен болгон чуудан кийин кызматынан кеткен.

Зулайка Эркимбаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх