Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунун акиминин орун басары: Башаламан сатуучулар мени каралоого аракеттенишүүдө

Чынасыл Чыныбаевди Ош базарындагы кээ бир соода точкаларын акчага «калкалайт» деп айыпташууда

Ош базарынын сатуучулары Ленин райондук акимиаттын базарды башаламан сатуучулардан тазалоодо тандама саясатын колдонуп жатышат деп айыпташты. Бул тууралу, алар пресс-конференцияда өздөрү билдиришти.

Жеке ишкер кыздардын бири Ленин районунун акиминин орун басары Чынасыл Чыныбаев точкалардын бардыгын жапкан жок, себеби, алардын кээ бирлерин ал өзү «калкалайт» деп кабарлады.

«Киев - Кулиев көчөлөрүндөгү точкалардан ал акча албайт, ошондуктан, ал көчөлөрдү тазалап жатат. Эмне үчүн ал Бейшеналиева, Токтогул көчөлөрүндөгү башаламан соодага тийишпейт? Эмне үчүн базардын ичине кирбейт»,- деп ачууланды ошол кыз.

Ал арада акимдин орун басары Чынасыл Чыныбаевге, Vesti.kg сайты окуяны чечмелеп берүүсүн өтүнгөндө, ал сатуучулардын алдап жана алардын аны максаттуу түрдө каралоого аракет жасап жаткандыгын билдирди. Ал акимиат башаламан соодадан көчөлөрдү тазалоону уланта берерин, ошондой эле, Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрү да тазаланарына ишендирди. Андан калса, анын айтымында нараазы болгон жеке ишкерлер рейддин учурунда күч колдонгондору да болгон.

- Алардын айтып жаткандарынын баары жалган ,- деп белгилейт Чыныбаев. - Ош базарынын аймагында 15-20 чачыранды соода точкалары бар. Аларды эки-үч саатта кыдырып чыгуу мүмкүн эмес. Биз рейд уюштуруп баштаганыбызда, биздин машинанын жолун торошуп, балдарыбызды токмоктогонго аракет жасашты. Бүгүн, биз тазалоо иштерин Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүндө улантуудабыз. Эгерде алардын жүйөөлөрү тастыкталса, анда мен жоопкерчилик тартамын.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх