Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык - Көлдүн тегерегине туалеттерди орнотушту. Мурда аларды Көчмөндөр оюндарында колдонушкан (фото)

Туризм департаментинде туалеттеги тазалыкты кимдер көзөмөлдөй тургандыгын айтып беришти.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү учурунда Кырчын капчыгайында коюлган туалеттерге жаңы колдонуу табышты. Vesti.kg сайтына КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу айткандай, 15 туалетти Ысык - Көлдү тегерете орнотушту.

- Аларды туристер өткөн негизги маршруттар боюнча бөлүштүрдүк, - деп түшүндүрдү ал. - Туалеттер айыл өкмөтүнүн балансында болушат, орнотулган туалеттерге жакын жерде болушкан ишкерлерге мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде өткөрүлүп берилет жана алар андагы тазалыкка жооп беришет. Кирип - чыгууга, албетте, акы төлөнөт.

Туризм департаментинин башчысы аталган туалеттердин  канализацияга муктаждыгы жок экенин билдирди.

- Бул туалеттер Көчмөндөр оюндарында Кырчында турган, - деди ал. - Аларда таштандылар түшө турган атайын идиштери бар. Канализациянын кереги жок.

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх