Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР ББИ министрлигинде аттестаттардагы каталар тууралу: Типографияда күнөөлөрүн моюндарына алышты 

Бизди кайрылсаңар болот деген типография менен байланыша алган жокпуз 

Мектеп аттестаттарындагы каталар үчүн «Учкун» типографиясы жооп берет. Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат кызматынан ушинтип түшүндүрүштү. 

- Ошол жакка кайрылыңыздар, - дешти ал жактан. 

Бирок, типографиянын өкүлдөрү менен Vesti.kg сайты байланыша алган жок. 

Ата мекендик мектептердин 11 - класстарынын бүтүрүүчүлөрү аттестатты каталары менен алышты. «Жалпы орто билими жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз» деген фразада «жөнүңдөгү» деген сөздө «н» деген тамганын ордуна «ң» деген тамга жазылып калган. 

Эске салсак, мурдараак ЖМКда аттестаттар шашылыш даярдалган деп кабарлашкан: 20-июнда алар мектептерге жете элек болгон. 

2017-жылы Жалал - Абад облусунун Аксы районунун мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө жарактан чыккан аттестаттарды беришкен. Анда Билим берүү министрлигинен техникалык ката кеткен деп түшүндүрүшкөн. 

«Ката министрликтин жооптуу кызматкери тараптан да, типография тараптан да кетирилген. Билим берүү жана илим министринин буйругу менен кызматкерге сөгүш жарыяланды, - деп ал жактан маалымат беришти. 

Документтерди алмаштыруу үчүн кеткен чыгымдарды типография тартты. 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх