Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда автомобилдерге «техпаспорттор» төрт эсе арзандады

Эми бир бланканын сатып алуу баасы 192 сом өлчөмүндө аныкталган

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиргендей, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 2019-жылдын 14-июнунда «Гознак» ЖЧКсы менен Транспорт каражаттарын каттоо тууралу күбөлүктүн (техпаспорттордун) бланкаларын даярдоо үчүн контракка кол коюлган. Жаңы түзүлгөн контрактын шарттары боюнча бир бланктын сатып алуу баасы 192 сом өлчөмүндө аныкталган, демек, бул мурдагы даярдоочу менен мурдагы түзүлгөн контракт боюнча баадан төрт эсе арзан. 

Эсиңиздерге салабыз, мурдагы контрактын шарттары боюнча техпаспорттордун бланкалары 10 Евродон (орточо рынок курсунда 800 сомдун тегерегинде) сатылып алынган. Андан башка, жаңы контракка ылайык, бланкага коюлган баа улуттук валюта менен аныкталган, жана мындайча айтканда, мурдагы контрактан айырмаланып, баа валютанын ар түрдүү жылышууларына кабылбайт, андыктан баалардын көтөрүлүп кетиши мүмкүн эмес. 

Ошондой эле аз эмес мааниге ээ аспект, 2019-жылдын 11-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» №4 мыйзамына ылайык мамлекеттик маанидеги бланкаларды даярдоону менчиктин мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү компания жүргүзүшү керек. Ошондон улам өкмөттүн тийиштүү токтому менен "Учкун«» ААКу,  "ГОЗНАК«» ЖЧКсы жана президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы "Типография» МИсы Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланкаларын жана мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоочулар болуп аныкталган. 

МККнын басма -сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх