Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанда "Көчмөндөр дүйнөсү" эл аралык фестивалы башталды

 Фестивалга Кыргызстандан жаачылар, каскадерлор жана "Арашан" фольклордук ансамбли катышууда

 "Казанат" ат майданында өтүп жаткан фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түштүк Корея, Болгария жана Азербайджандан командалар катышууда. 

Кыргыз командасынын курамында жаачылар, каскадерлор жана "Арашан" фольклордук ансамбли бар.


Фестивалдын биринчи күнүндө катышуучулар жаа атуу, күрөш, чүкө, тогуз коргоол, аркан тартыш боюнча таймашты.

Кыргыз өнөрчүлөр көрүүчүлөргө ат үстүндөгү оюндарды тартуулашты.

Кыргыз делегациясынын жетекчиси, The Nomad Group ишканасынын директору Кадыр Момуналиев, Vesti.kg кабарчысына Кыргызстандан фестивалга 29 адам келенин айтты.

"Кыргызстандын делегациясы The Nomad Group ишканасынын жардамы менен фестивалга 29 адам келдик. Топтун курамында жаачылар, каскадерлор жана "Арашан" фолклердук ансамбли бар. Бүгүн ийгиликтүү өнөр көрсөттүк", - деди ал.

Момуналиев, фестивалга катышуу максатынын көчмөндөр баалуулуктарын даңазалаган, кыргыз өнөрүн көрсөтүү экендигине токтолду.

Фестивалды уюштурууда айрым кемчиликтер бар экенине токтолгон Момуналиев, жалпысынан иш-чара жакшы деңгээлде өтүп жатканын кошумчалады.

Фестиваль өз ишин эртен жыйынтыктайт.

Алия Самидин
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх