Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Машинада уктап калган МАИчини Ошто видеого тартып алышкан (видео) 

Түштүк борбордун ЖКККБнын башчысынын орун басары эмне үчүн инспектор кызматтык формада уктап калгандыгын текшерүүгө ишендирди 

Ош шаарында МАИ инспектору машинада уктап калган. Тийиштүү видео бүгүн социалдык тармакта таркаган. 

Инспектор, ушунчалык катуу чарчап жана узун уйкуга кеткендиктен анын машинасын айланып видеого тартып жүргөн адамды да байкаган эмес.

Түштүк борбордун ЖКККБнын башчысынын орун басары Марат Калматовго Vesti.kg сайты окуяны чечмелеп берүүсүн өтүнүп кайрылганда, ал кызматтык формада уктап калган алардын кызматкери экендигин тастыктады.  

- Ал чындыгында бизде иштейт, - деди Калматов. - Азыр ал түнкү сменадан кийин эс алууда. Аталган видеонун качан тартылгандыгын азырынча  билбейбиз. териштиребиз. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх