Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте таштандыны бөлүштүрүп чогултуу үчүн таштанды челектери орнотулууда (фото)

Биринчи этапта 10 татынакай таштанды челектери даярдалып, анын алтоосу Курманжан Датканын эстелигинин жанына орнотулду 

Бүгүн, 2 - июлда, Бишкек  мэриясы таштандыны бөлүштүрүп топтогуч челектерди орнотууну баштады. Эми бишкектиктер жана борбордун меймандары пластикти, кагаздарды жана айнектерди жалтыраган таштанды челектерине ыргытса болот.

Идея жана эскиз долбоору Биринчи Май акимиатына таандык, а таштанды челектери болсо, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин күчтөрү менен даярдалган. 

Биринчи этапта 10 татынакай таштанды челектери даярдалып, анын алтоосу Курманжан Датканын эстелигинин жанына орнотулду. Жакынкы аралыкта дагы эки таштанды челектери Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишииндеги жаңы түзүлгөн коомдук мейкиндикте пайда боло турган болсо, калган экөө У.Салиеванын скверине коюлат.  

Муниципалитеттин планында мындан ары дагы этабы менен кадимки биз көрүп жүргөн урналарды азыркыдай заманбап жана колдонууга ыңгайлуу таштанды челектерине алмаштыруу бар. 

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерди шаардык кызматтардын жасап жаткан аракеттерине көңүлкош болбой, таштандыларды таштанды челектерине салышыңыздарды суранабыз! 

Бишкек мэриясы 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх