Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик келин пляжда эмне үчүн Роза Отунбаеванын артынан түшүп алганын түшүндүрдү (видео)

Видеонун автору өзүн провокатор эсептебейт жана мурда Атамбаевди колдобогондугуна ишендирет 

Бишкектик Назира Мукамбетова, пляждан кетип бара жаткан Роза Отунбаеваны камерага тарткан келин, өткөөл мезгилдин мурдагы президентин оройлукка атайын тартпаганын, болгону, өзүнүн көйгөйүн айткысы келгендигин айтып турду. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ал келин өзү айтып берди.

- Мен кызым менен пансионатта сейилдеп жүргөнмүн жана Ысык-Көлдүн жээгинде элдердин топтошконун көрүп калдым, -деп айтып жатты ал. - Эмне болуп жатканын сурадым. Мага Отунбаева эки жип машинада келип, кандайдыр бир жыйын өткөрүп жатат дешти. Анан мен аны менен саламдашканы жөнөдүм жана ага менин ноябрдан бери алышып келе жаткан бир көйгөйүмдү айтып калайын дедим. 

Мукамбетованын айткандары боюнча, ал эл топтошкон жерге келгенде, жыйын бүтүп калган экен. 

- Мен ага: «Саламатсызбы» дедим, а ал болсо, орой түрдө, ары кетчи, дегендей мамиле жасады, - деди бишкектик келин. - Ошондон кийин мен камераны жандандырдым да анын артынан жөнөдүм. Андан кийин эмне болсо, бардыгы камерада. Кийин милициялар мага келишип, тинтип чыгышты. Кечинде болсо, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайра келишип, сурак жүргүзүштү, бирок, көрүп турушат, мен жаш бөбөгүм менен турганымды. Менин көңүлүм ооруду. Керек болсо, ыйладым да, башка эс алуучулар мени сооротуп жатышты.  

Коомчулуктун түрдүү пикирин жараткан видеонун автору, Отунбаева менен болгон жолугушуудан кийин, Кой-Ташка барып Алмазбек Атамбаев менен учурашууну чечкен.  

- Мен бардыгына ушинтип эле айттым, анын Роза Исаковнаны эки жүздүү дегени үчүн, ага барып, анын колун кысамын дедим, - деп белгиледи ал. - Азыр мени провокатор жана Атамбаевдин тарапташы деп атап жатышат. Бирок, ошол окуяга чейин мен аны колдогон эмесмин. 

Назира Мукамбетова жыйынтыктап жатып, чын дилимден мурдагы президент уюштуруп жаткан митингге бармакмын, бирок, кызым ооруп жатат деп кошумчалады. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты жакында Түйүндө өткөөл мезгилдин мурдагы президенти Роза Отунбаева алдынан өтүп бара жаткан аял менен учурашкысы жана аны менен сүрөткө түшкүсү келбегендигин көрсөткөн видео таркаган. Кыргызстандык келин Отунбаеванын артынан жөнөгөн. Жаран келин белгилегендей, мурдагы мамлекет башчысы аны бир нече тамга менен андан ары «жөнөткөн». 

Ал арада Түйүндүн көпчүлүк колдонуучулары келиндин жүрүм-турумун сылыктыкка өтө жатпаган жана тажатма деп эсептешет, өткөөл мезгилдин мурдагы президенти жеке жашоосуна толук укуктуу жана ар бир каалаган адам менен сөзсүз учурашууга милдеттүү  эмес деп эске салышты. Кээ бирлер видеороликтин авторун Алмазбек Атамбаевдин командасындагы провокатор болот деп боолголошту. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх