Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте түнкүсүн ыгы жок шамдагайлык менен айдаган автосүйүүчүлөр 10 миң сом жазага тартылары күтүлүүдө

Бул байкерлерге да тиешелүү  

Түнкү ыгы жок шамдагайлар менен күрөшүү үчүн кошумча посторду жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалык койгону жатат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти. 

- Сөз Түштүк магистралы, Шабдан баатыр көчөсүнөн «Жал» кичи районуна чейин, Арча - Бешикке кеткен жолдо, Манас жана Чынгыз Айтматов проспектилеринен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин, Абдрахманов көчөсүндө жана башка көчөлөр тууралу болуп, түнкү убакытта катуу ылдамдыкта кетип жаткан унаалар көп байкалууда - дешти ал жактан. - Түнкүсүн ал жерлерде кошумча постор пайда болот. 

Маалымат кызматынан ыламдыктын жоопкерчиликсиз сүйүүчүлөрү «Автоээнбаштык» беренесине туш келишип, 10 миң сом жазага тартылышарын билдиришти. 

Тартип бузуу, түнкү ыгы жок шамдагайлар түзгөн ызы-чуунун нормадан ашып, жарандардын түнкү уйкусун бузгандыгы менен дагы татаалданат. 

Жакында эле  Kaktus.media «Бизде Бишкекте күн сайын түнкүсүн Түштүк магистралда эмнелер болуп жаткандыгы» тууралу маалымат берген. Шаардыктар түнкү саат 3-4төрдө терезенин астынан шуулдаган байкерлер тууралу айтышкан.

«Кайдасыңар, биздин  «сүйүктүү» укук коргоо органдары?», - деп шаардыктардын бири суроо таштаган. 

Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары да түнкүсүн мотордун ызы-чуусунан жапа чегип жатышкандыктарын айтышат. 

ЖКККББында башкармалыктын кызматкерлери үзгүлтүксүз нөөмөттө болуша тургандыктарын, ошондой эле аты аталган көчөлөргө да барып турушарын баса белгилешти. 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх