Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)

КР ССМ эскертет, ар кандай турдөгү таштандылар көчөдө чачылып жатпаш керек

Бишкекте Онкология улуттук борборунун жанында тротуарга ыргытылган медициналык таштандыларды көчөдө бараткан адам байкап калган. Тийиштүү видеону аны көргөн аял Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасына жайгаштырган.

«Кан топтоодо колдонулган (мүмкүн алар заардуу), онкология, жана медициналык приборлордун жана ваталардын калдыктарын жайылтуу, - деп жазат түйүндун колдонуучусу.

(Автордун орфография и пунктуациясы сакталган, - ред. эск.)

Ал арада Vesti.kg сайты түшундүрмө алуу үчун Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылды.

- Кандай гана таштанды болбосун, медициналык эле эмес, бардык таштандылар көчөдө чачылбай, тийиштүү бөлүнгөн жерлерде болушу керек, - дешти КР ССМнин маалымат кызматынан. - Бизде «Медициналык таштандыларды жок кылуу» деген программа иштейт, ага ылайык, таштандыларды жок кылуу аймагы ууландыруудан арылтырылат. Эгер шприцтер жөнүндө сөз жүрүп жатса, анда анын ийнелери жана калдыктары уудан арылтырылып, андан соң, кадимки таштанды катары полигонго жөнөтүлөт. Ар бир медициналык мекеме аталган программа боюнча иштейт. Улуттук онкология борбору менен байланышабыз.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх