Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик аял баласын алдына олтургузуп алып, машина айдап бараткан (видео)

ЖКККББнан ал жаран жол кыймылынын 2 эрежесин бузган деп жооп беришти. Аял издөөдө

Бишкекте баласын алдына олтургузуп алып, машинасын айдап бара жаткан аялды видеого тартып алышкан. Тийиштүү видеожазууну мындайларга көңүл кош карабаган адамдар Facebook социалдык түйүнүндө таркатышкан. 

Ал арада  Vesti.kg сайты ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча  башкы башкармалыгына кайрылган жана ал аялдын аркеттерине баа берүүнү өтүнгөн. 

- Биз кечээ күнү жеке курамга,  транспорт каражаттарын токтотууда кызматкерлердин ал факты боюнча чара көрүшүнө көрсөтмө бердик, - дешти ЖКККББнын маалымат кызматынан. - Аталган факт боюнча издөө тобу иштей баштаган. Жаран жол кыймылынын 2 эрежесин бузган. Биринчиси - 12 жашка чейинки баланы атайын кармагыч куру бар олтургучу жок машинада алып жүрүү, экинчиси болсо, жүргүнчүнү ташуу эрежесин бузуу. 

Медина Купсулдаева 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх