Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сентябрга чейин транспортко, турак жай кыймылсыз мүлккө жана жер салыгын төлөө зарыл 

Убагында төлөбөй койгондугу үчүн кыргызстандыктар административдик жазага тартылышат 

Кыргыз Республикасынын Салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап келе жаткандыгы тууралу эске салат. 

Биринчи сентябрга чейин транспорт каражаттарына салыкты, экинчи сентябрга чейин - турак үйлөргө жана квартираларга (ишкердик ишмердүүлүк үчүн иштетилбегендер) жана жер салыгын (үйдүн алдындагы, бакчаларга жана бакча-жер тилкелери үчүн) төлөө зарыл.

Убагында төлөбөгөндүгү үчүн физикалык жактарга административдик жаза 1000 сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга -5000 миң сом каралган. 

Белгилеп кетсек, быйылкы жылдан баштап салык органдарына мүлк тууралу маалыматтык эсептерди толтуруу жана тапшыруу каралган эмес. Мүлк ээлери бул маалыматтарды, физикалык жактар 1-апрелге чейин, юридикалык жактар - 1-мартка чейин  жыл сайын тапшыра турган Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүшөт. 

Дагы кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 1240 номуру боюнча же болбосо www.sti.gov.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх