Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бактылуу кат» алган аткаминер, «Коопсуз шаар» долбоорун мактады

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров мекендештерин жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды 

Жакында эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жазага кириптер болду. Бул тууралу аткаминер өзүнүн  Facebook баракчасына жазды. 

«Мына, ушундай болот болчу. «Бактылуу катты» баары бир алдым?»

Система иштеп жатат, жыйынтыктарын берип жатат. 

Ылдамдык режимин жана ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин бардыгын сактаңыздар, достор!», - деп жазган Шатемиров. (автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган, - ред. эск.).  

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен «ВЕГА» радиокуруу концерни» россиялык компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимге кол коюлгандан кийин башталган. 

 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх