Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар россиянын чек арасынан арты менен алдыга карай өтүп кетүүгө аракеттенишкен 

Ушинтип, биздин акылдуу мекендештер чек арачыларды адаштырууну көздөшкөн, бирок, чек арачылар алардын мындай амалдуу аракеттерине алданышкан эмес 

Кыргызстандын эки жаранын Алтай крайындагы чек арада Россия Федерациясынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет жасаган учурда кармашкан деп, Россиянын ФККнын Алтай крайы боюнча чек ара башкармалыгынын пресс-кызматына таянып, «Тайга.инфо» кабарлайт.

Албетте, бул укмуштай кызыктуу көрүнсө керек: «чек арачыларды адаштыруу үчүн», адамдар арты менен алдыга карай жылышкан», - деп билдирет басылма. 

Чек араны бузгандардын келе жатканы тууралу Казакстандан алардын кесиптештери билдиришкен. Бир сааттан кийин постогу чек арачылардын назарына айлакерлер өздөрү кабылышкан. Кыргызстандыктар чындыгында эле арты менен алдыга карай келе жатышыптыр. 

«Чек ара кызматынын кызматкерлери билинбес абалда өздөрүн байкатпай, чечкиндүү аракеттери менен аларды кармашкан, - деп билдиришти мекемеден. - Алар белгилүү чек арачы из куугуч Карацупанын жолун азыркы улантуучуларын алдай алышпады».

Экөөнө тең Россия Федерациясынын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасагандыгы жөнүндө берене боюнча кылмыш иши козголгон. 

Никита Карацупа (1910-1994-жылдар) — Советтер Союзунун баатыры, чек ара аскерлеринин полковниги. Чек ара бузуучуларга каршы өз системасы боюнча үйрөтүлгөн кызматтык иттери менен жасаган жүрүштөрү аркылуу белгилүү болгон. Советтик басма сөздө Карацупаны мектеп окуучуларына көп жолу мисалга келтиришкен.

Булак

Фото Россия ФККнын Алтай крайы боюнча Чек ара башкармалыгы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх