Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таш-Рабат архитектуралык эстелигине баруу чет өлкөлүктөр үчүн эмнеге кымбат? (фото)

Баа саясаты эмнеге негизделген, атка минер жооп бербеди, бирок, түшкөн каражаттын бардыгы караван -сарайдын инфраструктурасын жакшыртууга жумшаларына ишендирди. 

Нарын облусундагы Таш-Рабат архитектуралык эстелиги менен таанышуу үчүн чет өлкөлүктөргө, кыргызстандыктарга караганда 5 эсе кымбат төлөөгө туура келет. Өткөн жумадагы эс алуу күндөрүндө Vesti.kg сайтынын окурманы ушундай ачылыш жасады.

Ошол эле учурда кирүүгө акы төлөгөн туристерге чек берилбейт. Андан дагы бишкектиктерди, коноктор менен өтө орой сүйлөшкөн кароолчунун жүрүш - турушу жана баш калаанын жашоочулары үчүн баанын үчүнчү вариантын койгону ачуулантты. 

- Биз досторубуз менен Нарынга чакан саякатка жөнөдүк, арабызда кыргыздар, орустар да бар эле,  - деп түшүндүрдү окурман. - Биз Таш-Рабатка келгенде, бизди кароолчу аял тосуп алды, андан кийин ал, «силер үчүн кирүү акысы 20 сом, ал эми тетигилер (славян тектүүлөр) үчүн - 100 сомдон» деп билдирди. Ал булардын баарын кыргызча айтып жатты, а биздин досторубуз болсо, Кыргызстанда төрөлүп, өсүшкөн, анан албетте, алар мамлекеттик тилди билишет. Аял кишинин сөздөрү аларды аябай таарынты. 

Кыргызстандын жарандары үчүн эмнеге башка баада, чет өлкөлүктөр үчүн башка деген сурообузга комплекстин кызматкери жооп берген жок. 

- Таш - Рабаттын кире беришиндеги тактайчада билеттин баасы көрсөтүлүшү керек эле, биз аны көрө албадык, - деди бишкектик. - Биз кароолчу аялга баарыбыз Бишкектен келдик десек, ал «анда ар бир адам  50 сомдон төлөйт» деп билдирди. Ушундай баа саясаты эмнеге негизделгенин бизге эч ким түшүндүргөн жок. Эгерде караван - сарайдын тарыхын айтып берген кызматкер иштеген болсо, албетте, биз 20 сомдон да ашык төлөп, ыраазы болмокпуз. Ооба, биз мектеп программасынан бул архитектуралык эстелик тууралу окуганбыз, бирок, биздикиндей, чет өлкөлүктөрдүн маалыматтары жок. Алар болсо, 100 сомду коштоочу (гид)  эстелик тууралу маалымат айтып берет деген үмүт менен төлөшөт, а андай коштоочу бул жерде жок.

Окурмандын кайрылуусун Vesti.kg сайты Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулуна жолдоду. Ал болсо, баа саясаты Таш-Рабат караван - сарайы балансында болгон жергиликтүү бийлик тарабынан аныктала тургандыгын түшүндүрдү.

- Айыл өкмөттөн бизге билдиришкендей, кирүүгө акы төлөө Таш-Рабатты оң абалда кармоо  жана эстеликтин инфраструктурасын жакшыртууга, жолдорду оңдоого жумшалалат, - деди ал. - Мен билбеймин, акча кантип топтолот, эми караван - сарайды жаңы «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Азыр юридикалык тарабын карап жатабыз. 

Туризм департаментинин директорунун пикири боюнча тарыхый баалуулуктары бар жерлерге кирүүдөгү түрдүү баа саясаты Кыргызстанда эле колдонулбайт.

- Бул туура эмес каражат чогултуунун формасы, тилекке каршы, юридикалык тараптан биз буга кийилгише албайбыз, - деп белгиледи Дамир уулу. - Аталган абал турзизмдин өнүгүшунө туура эмес таасирин тийгизет. Дагы бир нерсени эске алуу керек, бир канча жыл мурда мен Анталияда болгонумда, чет өлкөлүк катары эки эсе ашык төлөгөнмүн, керек болсо аквапаркка киргенге да. Мен деле ачуулангамын, анан,  бул деген өлкө тууралу жаман сезимдерди эске салат. Мен бардыгы үчүн бирдей баа коюу туура болот деп эсептеймин. 

Нарын облусунун Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева Vesti.kg сайтына вахтер квитанцияны бардык конокторго бериши зарыл болчу деп билдирди. 

- Биз эмне үчүн квитанция берген эмес, тактайбыз, анан этика тууралу ал аял менен профилактикалык аңгемелешүү өткөрөбүз, - деп белгиледи Дүйшөналиева. - Бул аял ал жерде көптөн бери иштейт, мурдараак ал аялга калктуу пункттан кыйла алыс болгону үчүн, Таш-Рабаттын жанына вагончик коюп беришкен. Кийинчерээк ал үй-бүлө ошол  жерге там салышып, тарыхый комплексти толугу менен тейлешет, же айлананы тазалашып, коргошот. Мурда алардын кызы ал жерде жашап, кыргыз, орус жана англис тилдеринде туристерди комплекске экскурсия жасатчу, ал турмушка чыгып кеткенден кийин, бизде, азырынча, тилекке каршы башка гид жок.  

Ошондой эле,  Дүйшөналиева Таш-Рабатка кирүү үчүн бааны ким бекиткенин жана эмнеге туристер үчүн англис тилиндеги маалымат тактасы жок экендигин түшүндүрүп айтты. 

- Таш-Рабат Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турат жана кирүү баасын жергиликтүү кеңештин депутаттары бекиткен, - деп маалымат берди ал. - Эмнеге бирдей баа коюлган эмес - мага белгисиз, бирок, каражат чогулткандын себеби, караван-сарайдын аймагын жакшыртуу үчүн колдонулат. Бул деген кызматкерлердин айлыгы, туалеттерди орноштуруу жана аны таза кармоо. Андан да комплекстин тегерегин тосолу деген элек, себеби мал көп, (алар жондору кычышканда дубалдарга сүйкөнүшөт) жана таштар майдаланат. Жол курууну каалайбыз. Биз англис тилчи мугалимдерибизден эстеликтин тарыхы тууралу туристер үчүн англис тилинде жазып берүүнү суранганбыз.  Биз аны орноткондон кийин туристер андагы грамматикалык каталарды маркер менен оңдошкондуктан, биз аны убактылуу алып койгонго мажбур болдук. Учурда франциялык өкмөттүк эмес уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар бизге коноктор үчүн башка курулуштарды, мейманкана, сувенирлер дүкөнү жана гид жалдоого жардам бергени жатышат. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх