Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дөңгөлөктөгү мончо Ысык-Көлдүн жээгинде мыйзамдуубу? (фото) 

Мамэкотехинспекциядан мончо санитардык режимдин зонасындан тышкары жерде орун алган деп ишендиришти 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айылында колдон жасалган дөңгөлөктүү мончо иштеп жатат. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына окурманыбыз билдирди. 

Эс алуучулардын айтымында, ишкерлер эски автобусту мончого ылайыкташтырып жабдып алышкан.

- Бизнестин мындай түрү экологияга зыян алып келет, - деп жазган окурман. 

Ал арада Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан бул мончо көлгө эч кандай зыян алып келбейт деп ишендиришти. Ысык-Көл облусу боюнча мекеменин экологу Максат Кыштобаев Vesti.kg сайтына өзү жеке дөңгөлөктүү мончону көрүп чыкканын, анын коопсуздугун текшергенин жана көлгө зыян алып келбей тургандыгын ишенимдүү билдирди. 

-  Мыйзам боюнча санитардык режимдин зонасы жээк боюнан 100 метрдей алыс болот, - деп кабарлады ал. - Аталган автобус көлдүн жээгинен кыйла алыс турат жана зыян келтирбейт. 

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх