Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чөркөлөргө мында эмне жок». Москвадагы аэропорттун сакчылары таксистер менен мушташты (видео)

Такталбаган маалыматтар боюнча, мушташтын жыйынтыгында Кыргызстандын жараны комага түштү

23-августа Москвадагы Шереметьев аэропортунун машина токтотуучу жайында сакчы кызматкерлери менен Орто Азиядан барган таксистердин ортосунда массалык мушташ болуп өткөн. Бул тууралу орусиялык ЖМКлар кабарлап жатышат. 

Араздашуунун расмий себептери аныктала элек, бирок, социалдык түйүндөрдө бир канча видеороликтер пайда болуп, анда көргөндөр айтышкандай, мушташуунун демилгечилери мас абалындагы аэропорттун сакчылары болушкан.  

Таксистердин айтымында, сакчылардын бири: «Чөркөлөргө мында эмне жок» деп айткан. Видеонун автору белгилегендей, мигранттардын  биринин башына пистолет менен катуу урушкан. Ал ошондой эле, урулуп, согулган автону көрсөткөн. Таксистер көрсөткөндөй, ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкери (ГБР) машинага чыгып алып, анын үстүндө  секирген. Башка сакчы бычак көтөрүп алып мигранттардын артынан кууган. 

Таксистер, ошондой эле, сакчылар полициянын кызматкерлери келгенче, жарандык кийимде болушуп, алар келгенден кийин өздөрүнүн формаларын кийип алышкан.  

Ошол эле учурда социалдык түйүндөрдө мушташтан Кыргызстандын жарандары жабыр тартышты деген маалыматтар тарап жатат. Такталбаган маалыматтарга ылайык, бир кыргызстандык ооруканада кома абалында жатат. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх