Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбай Бакир уулу жана Арстан Алай Бишкектин ортосунда мамилелерин ачыкташты (видео)

Мурдагы депутат табыпты Тарых музейине тапшырууну көздөгөн, бирок мекеме жабылып калыптыр 

Мурдагы акыйкатчы жана ЖКнын мурдагы депутаты  Турсунбай Бакир уулу белгилүү «табып», биоэнергетиканы практикалап жүргөн Арстанбек Алайды эркекче сүйлөшүүгө чакырды. Мурдагы парламентарий өзүнүн видеокайрылуусун социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына жарыялады. 

Бакир уулу, анын диний көз-караштарына каршы келген Арстан Алайдын ишмердүүлүгүн коркунучтуу деп эсептейт.

«Мен Арстан Алайды өзүнө жалган атак берген адам деп эсептейм, менин бардык туугандарым Алайдан, бирок, алардын арасындаанын жок экендиги анык, - деп белгиледи мурдагы парламентарий. Ушактарды таратат, эркектер сыяктуу өзүн алып жүрбөйт, ал калпагын чечип салып, оромол оронуп жүрүшү керек. Элди каалаган жагына бура берет.  XXI - кылымдын Алдаркөсөсү. Мен кудайдын кулумун, а сен кимсиң? Көрөбүз, кимдин чындыгы туура, силердин баарыңарды тарых музейине тапшырамын, силердин боло турган жериңер, ошол жер».

Кийинчерээк, Турсунбай Бакир уулу менен Арстан Алайдын жолугушуусу чындыгында эле болуп өттү. Жолугушуу Бишкектеги Тарых музейинин кире беришинде болду. Бирок, музей жабык болгондуктан, Бакир уулу өз максатына жетпей калды.  Мурдагы депутат, баары бир өзүнүн оппонентин музейге тапшырамын деп сөз берди. Бирок, кийинчерээк.

Эске салсак, Арстанбек Алай (Абдылдаев) бизнес жана коомдук иштер менен алектенет. 2011-жылдагы президенттик шайлоолорго катышкандан кийин атагы чыгып, 2017-жылдагы президенттик шайлоолордо талапкер катары кайрадан катышкан. Телеканалдын эфиринен агартуу маселелеринен башка, «биоэнергия аркылуу дарылоо» менен алектенип, «Кут» программасын алып барат. Теңирчилик ишенимин карманат. Ага тийиштүү «Кыш түшпөйт» деген  фразасы бар. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх