Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн унаа, турак жай жана жердин салыгын төлөөнүн акыркы күнү

 Бүгүн унаа, турак жай жана жердин салыгын төлөөнүн акыркы күнү

МСК кыргызстандыктарды салыкты бүгүн кечке чейин төлөп жетишүүгө чакырат.

Бүгун, 2-сентябрда унаа, турак жай жана батир (ишкердик үчүн колдонулбаган), ошондой эле жердин салыгын төлөө мөөнөөтү аяктайт.
Буга байланыштуу МСК жарандарды -өз милдетин аткарууга жетишпей калган унаа каражаттарынын, турак жай жана жер тилке ээлерин ээлерин тийишттүү салык суммаларын бүгүн кечке чейин төлөп жетишүүгө чакырат.
Салыктарды банк мекемелеринин кассаларында, төлөм терминалдары, уюлдук жана интернет банкинг, мобилдик капчык кызматтары аркылуу төлөсө болот.
Өз маалында төлөнбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Мындан сырткары, ар бир кечиктирилген күн үчүн туум саналат.
Толук маалыматты 1240 номуру боюнча же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

МСКнын басма сөз кызматы
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх