Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жаңы сейил багындагы көркөм фигураларды коргоого ким жооп берээрин азырынча айта алышпайт (видео)

Борбор калаанын муниципалитенин басма сөз кызматы бул маселени тактаарын убадалады

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жакында эле «Ынтымак» сейил багы ачылды. Жаңы эс алуу багы шаардыктардын купулуна толду. Алардын айрымдары ал тургай балдарына жаныбарлардын көркөм фигураларынын үстүнө чыкканга уруксат берип, мындан улам алар кээ бирлери шалкылдап баштаган. Көптөгөн кыргызстандыктар коомдук жайда балдарынын мындай жүрүм-турумдарына жол берген ата-энелерди катуу сынга алышкан.



Vesti.kg Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, декоративдик фигуралардын сакталышына ким жооптуу экенин жана эс алуучулардын мындай тартип бузууларына кандайдыр-бир чара көрүлөбү-жокпу тактоо үчүн кайрылган.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы бул суроолорго жооп бере алган жок, бирок, маалыматты тактап, кийинчерээк түшүндүрмө беришээрин убадалашты.


Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх