Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар автоунааны кайра каттатууда төлөгөн акчанын төркүнү

Мамлекеттик каттоо кызматы убактылуу техпаспортту туруктууга алмаштырууда бланктын акысын төлөөнүн мыйзамдуулугун түшүндүрүп берди

Авто унаанын убактылуу техпаспортун туруктууга алмаштырууда эки жолу акча төлөнүп жатканына интернет колдонуучу Наталья Черногубова нааразычылыгын билдирди.

Ал унаасын кайра каттатууда ага Каттоо кызматында атайын бланктардын жок болгондугуна байланыштуу убактылуу техникалык паспорт беришкенин айткан. Ал эми бланктар пайда болгонун билген жарандар келип, убактылууларын алмаштыралык дегенде документке 202 сом төлөөгө мажбур болушкан.
«Элди келесоодой эле көрүп, алдап жатышат, - деп жазган ал Facebook тармагы. - МКК өзү туура техпаспортту чыгарбай, мөөр басылган бир ак кагазды беришет. Эми бланк пайда болгон имиш, алмаштыралык деп барсак ызуу-чуу ушул жерден башталууда.

Элдин көптүгүн эми айтпай эле коеюн, анысы го мейли, колумда техпаспорт турса деле мен кошумча 202 сом төлөшүм керек экен! Ошондо башты айланткан кайра каттоо менен техпаспорт алмаштырууну эки жолу өтүп, буга дагы кошумча акча талап кылып жатышпайбы!»

Каттоо кызматынын басма сөз кыматы болсо Vesti.kg сайтына жарандардан мыйзамда көрсөтүлгөн гана төлөмдөр алынып жатканын түшүндүрүштү.

- Убактылуу техпаспортту туруктууга алмаштырууда жарандар бланктын гана акысын - банк комиссиялары менен чогуу 202 сом гана төлөшөт, - дешти алар. Убактылуу документтер акысыз берилген - Аларды алууда жарандардан техпаспорттун акысы алынган эмес, андан башка бардык башка беренелер боюнча төлөшкөн.
В Государственной регистрационной службе поведали, за что именно автолюбитель платит при переоформлении автомобиля и получении техпаспорта.

- Кээ бир кызматтардын акысы автоунаанын наркына жараша аныкталат, - дешти басма сөз кызматында. - Алар: каттоо үчүн 0.3 пайыз (эскерте кетсек, мурда 1 пайыз төлөнчү) жана бажы төлөмдөрү - автоунаанын минималдык наркынан 5 пайыз. Мамлекеттик номурду алмаштыруу - 788 сом, эгерде аны алмаштыруу керек болсо гана. Болбосо анда бул төлөм да жок. «Унаа» МБнын ар бири 184 сомдон турган дагы 5 кызматы бар.
Техпаспорттун бланкынын сатып алуу баасы банк комиссияларын эске албаганда 192 сом турат.

 Белгилей кетсек, кызмат бул бланктарды мурда 10 евродон алчу, азыр 4 эсе арзан, - деп белгилешти МККда.
Автоунааны кайра каттоо туурасындагы толук маалымат КР өкмөтүнун 2017-жылдын 68-токтомдо жазылган.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх