Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар Нарындагы контейнерде окуп жаткан балдарга өз күчтөрү менен жаңы мектеп салып берүүгө даяр

Активисттер каражат чогултуп баштады. Жакында алар Кеңеш айылына бет алышат

Нарын облусундагы Кеңеш айылында контейнерде окуп жаткан балдарга жаңы мектеп салып берүүгө кыргызстандыктар каражат чогултуп баштады.
Нарындык окуучуларга жаңы мектеп салып берүү демилгесин Facebook социалдык тармагында ишкер Ильгиз Шаменов биринчи болуп көтөргөн.
Vesti.kg сайтына Шаменов бүгүнкү күндө өз салымын кошууга даяр адамдардын тизмеси да даяр экенин билдирди.
- Биз өзүбүз Нарын облусунан болобуз, мурда да аймакка жардам көрсөтүп келгенбиз, - деди ал. -Балдарга мектептин ордуна контейнерлерди коюп бергени Кыргызстандын өкмөтүн менен Жогорку Кеңешке уят эле. Кеңеш айылында эң көп дегенде 50 үй-бүлө жашайт, мектепке 150гө жакын бала барат. Башкача айтканда, жаңы имарат салууга көп деле каражат кетмек эмес. Өкмөткө жаңы дааратканаларды салууга акча бар, ал эми мектеп окуучуларына келгенде каражат жок болуп калганы түшүнүксүз.


Ильгиз Шаменов мектептин курулушуна Орусия жана АКШда эмгектенген мигранттар да кол сунууга даяр экенин билдиришкенин кошумчалады.
- Нарында кыш 6 айга созуларын бардыгыбыз билебиз, - деп белгиледи активист. -Суукта контейнер эмес, үйдө отуруш да кыйын. Ошон үчүн мен Facebook тармагындагы тааныш-досторума чогулуп, өз күчүбүз менен Кеңеш айылына жаңы мектеп салып берелик деп сунуштадым. Орусиядагы, АКШнын Чикаго жана башка штаттарындагы биздин мекендештерибиз жазышты. Жакында Кеңеш айылына барган жатабыз. Эки айдын ичинде мектептин жаңы имараты бүтүп калат деп ойлоп жатам.

Тизме:
Джураев Абдүшүкүр - 50 миң кыш
Мухан Осмоналиев - 10 куб жыгач
Рустамбек уулу Советбек 20 миң кыш
Хани Тукеева - 10 миң сом
Бермет Акматбекова - 10 миң сом
Илгиз Шаменов - мектептин пайдубалы
Замир Кожоакматович - 5 миң сом
Жийдегуль Сарпашова - 1 тонна цемента
АйымдарKG Шахре Заада - 20 тысяч рублей
Чыңгыз Сапарбаев - 5 тонны цемента
Жунусбек Мусурманов - 1 тонна цемента
Mirlan Asanov - 400 штук шифера
Маданбек Рыскулович -1 тонна цемента
Дана Абдыбекова - 30 тысяч сом
Гулмайрам Саалаева - 1000 сом

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх