Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канттагы мединституттун жатаканасы контейнерлерден курулган  (фото)

Жакшынакай типтүү имаратты курууга уруксат алалбай жатышкандыктары тууралу ЖОЖдон түшүндүрүштү 

Кант шаарында С.Тентишев атындагы Азиялык медициналык институттун аймагында контейнерлерден имарат курулуп жатат. Курулуштун сүрөттөрү Instagram социалдык түйүнүндө жарыяланган. 

Vesti.kg сайты окуу жайдын билим берүүнүн сапаты жана эмгек тартиби боюнча проректору Жанат Эдигеевге маселени чечмелеп беришин өтүнүп кайрылган, ал аталган курулуштун беш жыл мурда курулгандыгын түшүндүрдү. 

- Бул окуу корпусу эмес, а жатакана, - деди ал. - Учурда тышкы келбетин жаңылоо боюнча иштерди жасап жатабыз. Контейнерлерден курулгандыгынын себеби, бул жерде көп кабаттуу имаратттарды курууга уруксат берилбейт. 

Эске салсак, мурдараак Нарын облусунун Кеңеш айылында окуучулар окуу жайынын эскирген имараты авариялык абалда болгонугунан, убактылуу контейнерлерде окуша тургандыктары тууралу жаңылыктардан  билишкен коомчулук катуу ачууланган.   

Зулайка Эркимбаева

Фото www 




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх