Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги жаңы паркка 100 дарак олтургузулду (фото)

 Акция #паркжашооүчүн коммерциялык компаниялар сыяктуу эле жөнөкөй шаардыктардан да колдоо тапты

Түштүк магистралдагы жаңы паркты 100 дарак кооздоп баштады, алардын ичинде 31- батыш платаны, 25-жүрөк жалбырактуу липа, 19-ыйлаак ак кайың, 20-globosum клену, 5-ат каштаны. 

«Бишкекжашылчарбанын» маалымат катчысы  Аида Айдаралиева Vesti.kg сайтына айткандай, үй-бүлөлүк дарактарды жалгыз гана коммерциялык компаниялар олтургузбастан, шаардыктар да маанилүү даталарга байланыштырып олтургузушууда. 

- Бир кыз өзүнүн туулган күнүнүн урматына дарак олтургузду, - дейт Айдаралиева. - Эки үй-бүлөдө балдары биринчи класска барышып, ал дагы эсте калчу күн болуп калды. Ошондой эле үйлөнүшкөндүгүнүн юбилейлик жылына карата дарактарды олтургузушууда.

Айдаралиеванын айтымында, бүгүн дагы 5 дарак олтургузулуат. 

Эске салабыз, жаңы парк расмий түрдө ушул жылдын 30-августунда ачылган. Дарактарды олтургузуу 1-сентябрдан башталган.  

Мурдараак, Бишкек мэриясы шаардыктарды өздөрүнүн үй-бүлөлүк дарактарын олтургузуу үчүн  #паркжашооүчүн акциясын баштаган. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www








Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх