Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда  минималдуу айлык акыны 5 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда  

Бул демилгени ишке ашыруу 7 жылга чейин созулушу мүмкүн 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги айлык акынын минималдуу өлчөмүн жашоого керектелген минимумга чейин көтөрүүнү сунуштайт. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Мыйзамга негиздеме-маалымкатта мекеме, минималдуу айлык акынын өлчөмү бүгүнкү күндө тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам менен коюлуп, ал 1750 сомду түзгөндүгун билдирет. 

«Аны менен бирге, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, эмгекке жарамдуу жаштагы калктын жашоого минималдуу керектөөлөрүнүн өлчөмү 2019-жылдын II-кварталында 5292,61 сомду түзгөн, - деп такталат документте. - Ошого байланыштуу, 2013-2020-жылдарга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акы системасын өнүктүрүү программасында каралган максаттарды камсыздоо алкагында, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан минималдуу эмгек акынын өлчөмүн көтөрүүгө багытталган ушул мыйзамдын долбоору иштелип чыккан». 

Бирок, ЭжСӨ министрлигинин сунушу боюнча, минималдуу айлык акынын өлчөмүн жогорулатуу этаптар менен жүргүзүлөт, бул аны менен республикалык бюджетке оордук келтирүүдөн алыс болуу максатында жасалат.

Ошентип, мыйзам долбоорунда минималдуу айлык акыны 2 миң сомго жогорулатуу 2020-жылы жүргүзүлүшү мүмкүн. Андан ары, ар бир жылда 500 сомдон кошуп олтуруп, жыйынтыгында 2026-жылы айлык акы 5 миң сомду түзөт. 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх