Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто аял киши бөбөгүн балдар үйүнүн алдына калтырып өзү жашырынып кеткен 

Милиция жаңы төрөлгөн бөбөктүн энесин издөө менен алектенүүдө 

Аял киши жаңы төрөлгөн бөбөгүн оштогу балдар үйүнүн алдына таштап качып кеткен. Бул тууралу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун ИИБнүн маалымат катчысы кабарлаган. 

- Кечээ эрте менен «Алтын Уя» балдар үйүнүн кызматкери чалып, аларга жаңы төрөлгөн бөбөктү таштап кеткендигин кабарлаган, - деди маалымат катчысы Замир Сыдыков. - Ал аялдын өздүгү тактала элек. Аталган факты «Коркунучта калтыргандыгы» беренеси боюнча КББРине катталган. 

Милициянын маалыматы боюнча, бөбөк, үй шартында төрөлгөн, себеби, анын киндиги кесилген экен. 

Учурда укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүшүүдө. 

Эльдос Казыбеков

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх