Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкектеги № 66-мектептин жетекчилиги мыйзамсыз акча чогултуу жүргүзүп жатат»

Окуу жайдын директору комментарий берүүдөн баш тартты

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу ушул күндөрү № 66-мектептин жетекчилиги мыйзамсыз акча чогултуу жүргүзүп жаткандыгын жазган. Автор ошондой эле аталган билим берүү мекемесинде тартылган деген видео менен дагы бөлүшкөн:

«Бишкек шаарындагы 66-мектептин жетекчилиги мыйзамсыз акча чогултуп жатат!
№ 66 жалпы билим берүү мектебинин жетекчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын жана КРнын конституциясынын тапшырмасына каршы, мугалим жана класс жетекчилери аркылуу биринчи класстын окуучуларынын ата-энелеринен акча каражаттарын талап кылып жатышканы мага маалым болду.
Биринчи класстын окуучуларынын ата-энелерин үстүбүздөгү окуу жылы үчүн «мектептин фондуна» 4500 сом, «класстын фондуна» 1200 сом төлөөгө мажбур болушууда экен. Ар бир класста 35 окуучудан билим алат, демек, ар бир класс 157 500 сом мектептин фондуна жана 42 000 сом класстын фондуна кошушу керек. Жылына ошондо мектептин жетекчилиги бир эле класстан 199 500 сом «киреше» көрүп жатат.

Мындан сырткары, биринчи класстын ата-энелеринен мектепке «чын дилден» белек берүүнү сунушташат. Мисалга алсак, класстардын бири мектепке 17 500 сомдук шкаф бериши керек экен. Буга чейин болсо ушул эле класс мектепке баасы болжол менен 400 АКШ доллары турган принтер беришкен.

Мындан сырткары, биринчи класстын ата-энелери окуу китептери менен канц.товарларды сатып алууга 830 сомдон беришкен.
КРнын Конституциясынын 45-беренеси жарандардын акысыз жалпы орто жана орто билим алууга укугун кепилдейт. Болбосо, Конституцияга өзгөртүү кириши керек эле да, - деп жазган кыргызстандык.

Ал ортодо Vesti.kg бул боюнча мектеп-гимназиянын директору Минара Якупова менен байланышып, комментарий ала албады. Ал алгач бул маселени тактап анан жооп бере аларын белгиледи.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх