Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иш бөлмөсүндө комуз черткен милициянын майору кантип органда иштеп калганын айтып берди (видео)

Диляра Кочкорбаева ансамблде аткарып, мектепте музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенчү

Кызматтык бөлмөдө комуз черткен ички иштер органынын кызматкери социалдык тармактарда атактуулукка ээ болууда.

Тармак колдонуучулары улуттук аспапта чеберчилик менен ойногон милиция майорунун булбулдай кооз үнүнө да таң беришүүдө.

Тасманын каарманы - КРнын ИИМнин МАККнын Кадрларды башкаруу инспектору Диляра Кочкорбаева экени маалым. Ал Vesti.kg сайтына 8 жылдан бери комузда ойноп, ал тургай ансамблде да аткарганын айтып берди.

Мен белгилүү комузчу Темирбай Кочкорбаевдин үй-бүлөсүндө туулгам, - деди маектешибиз. - Биз үй-бүлөлүк ансамбль катары, өзгөчө түштүктө абдан белгилүү болчубуз. 9- классты аяктаган соң мен мугалим кесибине ээ болуп, мектепке музыка мугалими болуп орношком.

Диляра Кочкорбаева милицияда 21 жылдан бери эмгектенет жана ички иштер органдарына чыгармачылыгынын аркасы менен келип калган.

- 1998-жылы Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын духовой оркестрине кабыл алуу жарыяланган, - дейт ал. Мен труба үйлөчүмүн, бирок, үч айдан кийин биздин рота жоюлуп кеткен, бирок биздин жетекчи бизди инспектор кылып алып калган. Ошентип, мен милиция кызматкери болуп калгам.

ОШ облусунда беш жыл эмгектенген соң Кочкорбаева борбор калаага келип, генерал А. Алиевдин атындагы ИИМнин академиясына тапшырат.
- Жогорку билим алып, ИИМнин МАККнын Кадрларды башкаруу бөлүмүндө эмгектенип жатам, - деп сөзүн улантты Кочкорбаева. Мекеменин иш-чараларында, тууган-тушкандардын той-топурларында же бош убакытта үйдө комуз чертем.

Коомдун көңүлүн бурган видео Комуз күнүн белгилөө учурунда тартылган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх