Бишкекте автоинспектор ЖККББ аббревиатурасын чечмелей албай койду (видео)
Мекеме тасманы иликтеп жатканын билдирди
Бишкекте автоинспектор ЖККББ (ГУОБДД) аббревиатурасын чечмелеп жатып, адашып кеткен. Тийиштүү видеону жарандык активист Болот Ибрагимов Instagram баракчасына жарыялаган.
Ал ЖККББ инспекторун өзү эмгектенген мекеменин орусча аббревиатурасын (ГУОБДД, маек орусча өткөн -ред.) чечмелеп берүүсүн сураган.
«Главное управление организации безопасности дорожного движения», - деп жооп берген жол сакчысы.
Ибрагимов буга «Организация? Обеспечение эмеспи деген?».
Автоинспектор буга «Ии, обеспечение» деп жооп кайтарган.
Vesti.kg ИИМнин ЖККББна бул боюнча кайрылганда,алар аталган видеону текшерип жатышканын маалымдашты.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз