Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын ӨКМ шашылыш билдирүү таратты!

Тоолуу аймактарда каар жаап, үшүк жүрөт

15-16-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда кардын жаашы күтүлөт, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.

17-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону, автотранспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бишкек-Ош сыяктуу Кыргызстандын тоолуу жолдору аркылуу сапарт тарта турган айдоочуларга КРнын ӨКМ төмөндөгү эрежелерди сактоону сунушайт:

- КРнын ӨКМне караштуу Гидрометерология агенттигинин аба ырайы боюнча маалыматтарына көңүл буруу;
- тоолуу унаа жолдорунан өтүүдө транспорт каражаттарынын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо;
- автоунааларды кышкы колдонууга даярдоо (мисалы, кышкы дөңгөлөктөрдү даярдоо ж.б.)
- жол аптечка, күрөк алып жүрүү.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыздар, телефон чалуу акысыз.

КРнын ӨКМ
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх