Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык бөбөктөр көк-бөрүнү кантип ойношот? (видео)

Көк-бөрү ойноп жаткан бала бакчадагы наристелер чоңдордун жүрөктөрүн жылытты

Бала бакчадагы кичинекей бөбөктөр чоңдордон кем калышпай көк-бөрү ойноп жатышат. Мындай видео Фейсбук социалдык тармагында жарыяланган.

Быйтыйган оюнчулар улуттук оюндун эрежелерин да билишкендей: оюнчук желим аттарды минип алышып, жумшак оюнчук үчүн күрөшүп жатышты. Ал тургай өздөрүнүн тай-казаны да бар экен!

Наристелердин оюну интернет колдонуучулардын көңүлүн бурбай койгон жок.

«Көк-бөрү боюнча биздин келечектеги курама команданын оюнчулары! Аман болушсун!», - деп жазган бир колдонуучу.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх