Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Троллейбус айдоочусу: Кемпирди кош бойлуу келиндин суранычы менен кууп чыкканга аргасыз болгом (видео)

 Жумуштан алынган айдоочу кечирим сурап, окуя кандайча болгонун айтып берди

Кечээ кары аялдын салондон чыгып кетүүсүн орой түрдө талап кылып, жумуштан алынган №11-троллейбустун айдоочусу видео кайрылуу жасап, анда ал окуя кандайча болгонун айтып берген.

Анын айтымында салондун сасып жатканын ага кош бойлуу келин айткан.

«Ар бирибиздин башыбызга сыноо келет. Мен коомчулуктан кечирим сурайм. Кечээ мен өз каттамым менен иштеп жаткан элем. Аркамда кош бойлуу келин отурган. Ал мага эки ирет салондон жагымсыз жыт келип жатканын айтты. Мен троллейбусту токтотуп, салонго кирдим. Чын эле сасып кетиптир. Мен кемпирге чыгып кетиңиз дедим. Ал жыт андан келип жатпаганын айтты. Мен: «Жок, сизден келип жатат» дедим. Мага мынтип айтуу ыңгайсыз болду, бирок, айтууга туура келди. Кылган аракеттерим үчүн ал аялдан кечирим сурайм. Өкүнүп жатам, мунун айынан жумушу жок калдым», - деген ал кайрылуусунда.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg № 11 шаардык троллейбустун айдоочусу кары жагымсыз жыт келип жатат деп шекшип, орой түрдө кары аялды салондон чыгып кетишин талап кылганын жазган эле.«Бишкек троллейбус башкармалыгынын» башчысы Нуркай Асанов Vesti.kg сайтына айдоочу өзүн мындай алып жүрүүгө укугу жоктугун билдирип, окуя боюнча комиссия түзүлгөнүн маалымдаган.

«Бишкек троллейбус башкармалыгынын» башчысы Нуркай Асанов аталган окуя боюнча комиссия түзүлгөнүн маалымдаган.
Кийинчерээк Бишкек мэриясы айдоочу Эмгек кодексине ылайык кызматтан айдалганын билдирген.
Мындан сырткары, ага айдоочу жана депо директоруна дагы чаралар көрүлгөн.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх