Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада кыргыздарды кемсинткен айдоочу жумуштан алынды (фото)

 «Мосгортранс» өз маалында кайрылуу жасаган жүргүнчүгө ыраазычылыгын билдирди

Москвада кыргызстандыктарды «жактырбагынын» ачыктан ачык билдирген автобус айдоочусу жумуштан алынды. Мындай маалыматты Москвада жашаган мекендештер жарыялаган.

Мосгортранс август айынын аягында коомдук транспортко корей улутундагы жаш жигитти киргизбей, кыргыз улутундагыларды жана ошол жигиттин кемсинтип, намысына тийген сөздөрдү айткан айдоочуга карата жазган арызын карап чыккан. «Жек көргүдөй кыргыздар сизге эмне кылышты?» деп активист Александр Ким айдоочуга бир нече жолу кайрылган.

Кыргызстандыктын дарегине жазылган токтомдо автобустун айдоочусу жумуштан алынганы маалымдалган.

Ошону менен бирге шаардын көчөлөрүндөгү жол кыймыл катышуучуларынын сактыгын жана өмүрүн коргоодо активдүү жарандык позициясын көрсөтүп, өз маалында кайрылган адресатка да ыраазычылык билдирилген.

Тактай кетсек, 30-августта интернет айдыңында Москва шаарында автобус айдоочусу салонго корей улутундагы жигитти астыңкы эшик аркылуу киргизбей жаткан учур тартылган видео тараган. Жигит блогер болуп чыккан жана айдоочу менен сүйлөшкөнүн видеого тартып алган. Орус активисти Александр Ким бөлүшкөн видео интернет колдонуучуларынын катуу сынына кабылган. Жигиттин пикиринде айдоочу «күнүмдүк расизм» көрсөткөн.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх