Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окуучу кыздын жоолугун чечкенге мажбурлап жаткан Алайдагы мектептин директору  эмне болду?

Райондук билим берүү бөлүмү кыздын ата-энеси экстремисттик уюмдун мүчөлөрү болушу мүмкүн дейт

Окуучу кыздын жоолугун чечүүсүн талап кылган Алайдагы мектеп директору бекитилген эрежелерге ылайык иш-аракет кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев маалымдады.

- Бул кыздын ата-энеси экстремисттик уюмдардын катарында турушу мүмкүн деген божомол бар, - деп белгиледи ал. Биз муну так кесе айта албайбыз. Муну компетенттүү органдар гана аныктайт. Биз аталган мектептин директору жана айыл өкмөтү менен сүйлөштүк. Бүгүн 13:00дө түз эфир болуп, анда окуу жайдын директору телефон аркылуу суроолорго жооп берет. Директор менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Ал бекитилген эрежелерге ылайык аракет кылган.


Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Алай районунда Эшкул Мырзаев атындагы мектеп директору окуучу кыздын башындагы жоолугун чечүүгө мажбурлап жаткандыгын жазган. Билим берүү министрлиги райондук билим берүү бөлүмү аталган факт боюнча териштирүү баштаганын маалымдаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх